- Башкы
- Айдаркен шаарында «УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ» өттү.
Айдаркен шаарында «УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ» өттү.
2026-жылдын 19-сентябрында республика боюнча өткөрүлгөн «Улуттук тазалык күнүнө» карата Айдаркен шаарында жалпы шаардык ишембилик уюштурулду. Ишембиликке шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин эмгек жамааттары, муниципалдык кызматкерлер жана шаар тургундары активдүү катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө шаардын көчөлөрү, жол жээктери, арык-каналдардын айланасы, коомдук жайлар жана башка аймактар тазаланып, чогулган таштандылар чыгарылды. Ошондой эле аймактарды көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Тазалык иштерине керектүү шаймандар колдонулуп, атайын техникалардын жардамы менен чогулган таштандылар тиешелүү жерлерге чыгарылды. «Бир саат – шаарыбыз үчүн!» деген чакырыктын алдында өткөн ишембилик Айдаркен шаарынын тазалыгын жана көрктөндүрүлүшүн камсыз кылууга, ошондой эле шаар тургундарынын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталды. Айдаркен шаардык мэриясы ишембиликке активдүү катышкан бардык мекеме-ишканаларга, уюмдарга жана шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.
Тазалык – ар бирибизден башталат!
Таза шаар – жалпыбыздын жоопкерчилигибиз!

