Шаар жөнүндө

Айдаркен шаары 2012-жылы 27-сентябрында райондук маанидеги шаар статусу берилип түзүлгөн.  

Айдаркен шаары Баткен облусунун борборунан 60 км, ал эми Кадамжай районунун борборунан 46 км аралыкта жайгашкан. Айдаркен шаардык мэриясы  түндүк тарабынан Алга айыл өкмөтү менен, батыш тарабынан Бирлик айыл өкмөтү менен чектешет.. Борбору Айдаркен шаары, шаардык мэрия аймагында 1 шаар Айдаркен шаары жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 1980 метр бийиктиктеги  тоолуу аймакта жайгашкан. Климаты: суук, кыш мезгили оор болуп, узакка созулат, жаз кеч келет.Ош аэрпортунан -200 км, Баткен – 65 км.  алыстыкта жайгашкан.

Шаардын жалпы аянты 1435,5 га. Шаар  аймагында 2020-жылга карата 3256 кожолук, калкынын саны чарбалык китеп боюнча жалпысы 11622 адам жашайт.  Калктын курамы  8 ашуун улуттар жашайт – орустар, озбектер, тажиктер, татарлар, уйгурлар,кытай, казах улутундагылар ынтымактуу жашайт.

Айдаркен шаарынын социалдык – экономикалык  абалы жакшы анткени, шаарда жашоого керек болгон шарттар, инфраструктуралар бар. Шаарда негизинен көп кабаттуу үйлөр жайгашып, электрэнергиясы, газ менен камсыздалган. Байланыш,  интернет, таза суу менен камсыз болгон. Саркынды линиялары иштейт. Шаардын ички жолдору асфальт жолдор.

Шаардын калкын тейлеген мекемелер – шаарды түптөөчү Айдаркен сымап комбинаты мекемеси, 2023, 2051 чек ара бөлүгү, 2 кичи нан жабуучу цехи, 10дон ашык жеке мончолор, 10дон ашык заманбап ашкана-кафелер, 4 чач алуучу жайлар, базар, 60тан ашык соода дүкөндөр, 6 дарыканалар, кичи кийим тигүү, бычуу цехтери, 4 автоунаа оңдоочу жайлар бар.

Билим берүү мекемелеринен  үч орто мектеп (кыргыз, орус жана тажик тилдеринде),  3 бала бакча (2  муниципалдык жана 1 жеке балдар бакчасы – Ясли, Солнышко, Эдельвейс гүлү),  музыкалык мектеп, 2 китепкана бар.

Жалпы дарыгердик практикалык борбору-ооруканасы, тиш дарылоо борборлору, санэпидемстанциянын бөлүмчөсү, өрткө каршы бөлүм, милиция бөлүмчөсү кичикредиттик компаниялар, банктардын филиалдары, “Айдаркен-Комуунальщик” ачык акционердик коому, газ чарбасы ишканасы, почта түйүнү,  автобекет  элге кызмат көрсөтүшөт.