Шаардын тарыхы

Айдаркен шаарынын тарыхы сымап кенин өндүрүү менен тыгыз байланыштуу. Айдаркен кыргыз улутундагы жарандар отурукташкан жерде, 1942-жылы шаарды түптөөчү сымап руднигинин алдында түптөлгөн. “Кен” сөзү түрк тилинен алынган “кен байлык бар жер” б.а. – “рудник” деп аталат.

Сымап кендери Кыргыз жергесинде байыртадан бери белгилүү болуп, орто кылымдарда аймакта Хайдаркан жана Чаувай рудниктери аныкталган.

Айдаркен сымап кени чыгуучу жайы 1914-жылы ачылып, дүйнөдөгү эң ири болгон Испаниядагы Алмаден кен чыгаруучу ишканадан кийинки эле рудник болуп саналат.

Улуу Ата мекендик согуш жылдарында 1941-1945-жылдарда Украина СССРинин Донецк областынан Никитов сымап комбинатынын жабдуулары алынып келинген. Донецк областындагы Никитов сымап комбинаты тынчтык мезгилинде жалгыз бул баалуу сырьену өндүрүүчү завод болгон, ал 1941 – жылдын аягында толугу менен Хайдарканга көчүрүлгөн.

1941-жылдын июль айында Хайдаркан совхозуна караштуу 1150 га участкасында № 5 сымап өндүрүүчү өндүрүштүн курулуш иштери башталып, 1942-жылы Хайдаркан сымап комбинаты түзүлгөн.  Анлда иштеген эмгекчилердин Хайдаркан поселогу түзүлгөн.