Айдаркен шаардык мэриясы КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундогу» Мыйзамына ылайык административдик орундарына (башкы, улук жана кенже) тобу учун кадрлар резервине киргизуу учун Ачык сынак жарыялайт.
Акыркы күн 24.10.2023
Квалификациялык талаптар
Айдаркен шаардык мэриясы КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн кадрлар резервине киргизүү үчүн Ачык сынак жарыялайт.
Башкы топтогу кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар
- Кесиптик билим денгээли:
-жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында)
2. Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же тиешелуу кесиптик чойродо 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Улук топтогу кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билим денгээли:
-жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча,геодезия жана жерге жайгаштыруу тармактарында)
2. Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же тиешелуу чойродо 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кенже топтогу кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар
- Кесиптик билим денгээли:
-жогорку билим же орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, энергетика, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, геодезия жана жерге жайгаштыруу тармактарында)
2. Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талап коюлбайт.
Сынакка катышуу учун томонку документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек:
-өзүнүн арызы;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
- өздүк таржымал( соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан куболондурулгон эмгек китепчесинин кочурмосу (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жонундо документтердин кочурмолору;
-паспорттун кочурмосу;
-3*4 өлчөмүндө 4 даана сүрөт;
Документтер жарыя гезит бетине чыккан күндөн баштап 10 жумушчу кун ичинде кабыл алынат.
Дареги: Айдаркен шаары Пушкин көч. №1. шаардык мэриянын имараты. Тел:6-01-21; 0772-73-84-34