Айдаркен шаардык мэриясы Айдаркен шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн №43 дарегинде жайгашкан эски Пахта тазалоочу цехинин имаратын жер участогу менен кошо аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт.
Аукцион өтүүчү дарек: Айдаркен шаары, Пушкин көчөсү №1, Айдаркен шаардык мэриясынын имараты.
Өткөрүү убактысы: 2026-жылдын 23-июнунда саат 10:00.
Аукционго катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылышы шарт:
1) Арыз;
2) Паспорттун көчүрмөсү;
3) Кепилдик төлөмдүн төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөк.
Арыздарды кабыл алуу: Айдаркен шаардык мэриясынын имараты. Аукционго катышуучу тараптардын документтери 2026-жылдын 19-июну саат 16:00гө чейин кабыл алынат. Толук маалымат алуу үчүн Айдаркен шаардык мэриясына кайрылсаңыздар болот.

