Ит тиштеген учур боюнча

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары М.М.Айтматовдун жетекчилигинде 2025-жылдын 17-декабрында  Айдаркен шаардык мэриясында, жарандарды ит тиштеген учур боюнча атайын кызматтардын, жетекчилердин, айыл башчылардын, мергенчилердин катышуусунда   жыйын өткөрүлдү. Жыйында ар бир кызматтын аткарган иштери, акыркы учурдагы абал, иттен жабыр тарткан жарандардын абалы тууралуу маалыматтар алынып, жыйындын жыйынтыгы менен ар бир кызматка, шаардык мэрияга тиешелүү тапшырмалар берилип, жыйындан кийин иттен жабыр тарткан жарандардан кабар алып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.