«Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн маалыматтарды тактоо жүргүзүлүүдө

Урматтуу Айдаркен шаарынын тургундары!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тапшырмаларына ылайык, «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун ишке киргизүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.Ушуга байланыштуу шаар тургундарын үй-бүлө мүчөлөрү жана жашаган жери тууралуу маалыматтарын тактоого чакырабыз. Маалыматтарды тактоо жана жаңылоо иштерин жүргүзүү үчүн Айдаркен шаарынын мэриясына кайрылып, маалыматтарыңызды «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасына каттатууңуздар зарыл.Үй чарбалары боюнча маалыматтардын так жана толук болушу мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө, ошондой эле «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо иштерин өз убагында жана туура жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.

Урматтуу жарандар, маалыматтарыңызды өз убагында тактап, каттоодон өтүүгө чакырабыз.