Айдаркен шаарындагы тылдын ардагерлерин жана узак жылдар бою саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген жарандарды колдоо иш-чарасы тууралуу
07 август 2025
|
113
Айдаркен шаардык мэриясы тарабынан тылдын ардагерлерин жана Айдаркен шаардык жарандарды дарылоо-профилактикалык бөлүмүндө (АЖДПБ) узак жылдар бою фельдшер болуп эмгектенген жарандарды социалдык жактан колдоо максатында иш-чара жүргүзүлдү.
Аталган иш-чаранын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж болгон тургундарга, айрыкча эмгек жолунда өзгөчө салым кошкон жарандарга майыптар үчүн арналган атайын жөө коляскалар (инвалиддик кресло) тапшырылды.
Бул колдоо – коомубуздагы улуу муундагы жана ден соолугунан жабыркаган жарандардын турмушун жеңилдетүүгө, аларга болгон урмат-сыйды көрсөтүүгө багытталган.
Айдаркен шаардык мэриясы мындан ары да социалдык колдоого муктаж жарандарды көмөк көрсөтүү иштерин улантат.

