Айдаркен шаарында тобокел топтогу үй-бүлөлөр жана зордук-зомбулукка кабылган балдарды аныктоо боюнча рейд жүрдү

       Айдаркен шаардык мэриясынын соц.секторунун башчысы У.Жакыпова , соц.адистер А.Кабылова,С.Полотова, шаардык кенештин депутаты Г.Бураханова, №19 Б.Садыков атындагы орто мектептин соц.педагогу Г.Абдинаби кызы  , ИДН кызматкери М.Курбанов жана Кадамжай райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдар боюнча адиси Ш.Эшанкулов менен биргеликте тобокел үй-бүлөлөр жана зордук-зомбулукка кабылган балдарды, ата-энеси миграцияда жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд чыгышты. Жүргүзүлгөн рейддин негизинде айрым үй-бүлөлөрдүн абалы жеринде текшерилип, балдардын укуктарын коргоо, билим алуу жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.