Айдаркен шаарында "Эне сүтүн даңазалоо жумалыгына" карата акция өттү

Айдаркен шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун демилгеси жана Айдаркен шаардык мэриясынын колдоосу менен 2025-жылдын 6-августунда Эне сүтүн даңазалоо жумалыгынын алкагында  акция өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты - эне сүтүн наркын,наристеге болгон пайдасын коомчулукка жайылтуу жана эмчек эмизүүнү колдоо болуп саналат. Акциянын жүрүшүндө дарыгерлер жана медайымдар жаш энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп , маалыматтык баракчалар таратылып, катышуучуларга кеңештер берилди.

Айдаркен шаардык мэриясы бул демилгени колдоо менен коомдук саламаттыкты чыңдоого жана балдардын туура өсүп-жетилишине өз салымын кошууда .