Айдаркен шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери тууралуу
Айдаркен шаардык мэриясы тарабынан шаарыбызды жашылдандыруу, экологиялык абалды жакшыртуу жана калк үчүн ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүү максатында көрктөндүрүү иштери үзгүлтүксүз улантылууда.
2025-жылдын жай мезгилинде шаар аймагында ар кандай кооз гүлдөр жана арча көчөттөрү отургузулуп, учурда сугаруу жана багуу иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган иштер шаардагы эс алуучу аянтчаларда, жол жээктеринде, коомдук жайларда жана мекеме-уюмдардын короолорунда ишке ашырылууда.
Мэрия бул иштерге коомчулукту да активдүү тартууну көздөөдө. Шаарды жашылдандыруу – ар бир жарандын милдети экенин эске алып, айлана-чөйрөбүздү таза сактоого жана отургузулган көчөттөрдү аяр мамиле менен кароого чакырабыз.
Келечек муундарга жашыл, таза жана кооз шаар калтыруу – биздин жалпы максатыбыз.
Айдаркен шаардык мэриясы тарабынан жашылдандыруу иштери мындан ары да улантылат.

