Айдаркен шаардык мэриясында социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча долбоордун алкагында 2026-жылга биринчи отурум өткөрүлдү.

Айдаркен шаардык мэриясы тарабынан социалдык келишимдин негизинде жөлөк пул алуучуларга социалдык жардам көрсөтүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. Аталган долбоордун алкагында 2026-жылдын 9-март күнү биринчи отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө жарандарга долбоордун максаты, шарттары жана катышуу тартиби боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жөлөк пул алуучуларга социалдык келишимдин негизинде чакан ишкердикти баштоо же өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрү түшүндүрүлдү.

Бул долбоордун негизги максаты – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн киреше булагын түзүүгө көмөк көрсөтүү, алардын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана ишкердик демилгелерин колдоо болуп саналат.