8-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда "Жаштар үнү жаратмандык жолунда" аталышындагы жаштар форуму болуп өттү. Форумга Министрликтин жаштар саясаты башкармалыгынын төрагасы Бакай Кожомкул уулу катышып, жыл ичинде жаштарды өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарга министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле форумдун алкагында Айдаркен шаарынын активист жаштарынын катарын толуктаган жаш ишкер, блогер Алина Токтогонова жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, демилгелүүлүгү жана активдүүлүгү үчүн «Кадамжай жаштар саясатынын отличниги» медалы менен сыйланды. Бул сыйлык Кадамжай жаштар кеңеши тарабынан тапшырылды.

