Айдаркен шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угуулар өттү.

2024-жылдын 10-январында Айдаркен маданият сарайынын кичи залында Айдаркен шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар болуп өттү. Коомдук угууга шаар тургундары, шаардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөру келип катышып, өз ойлорун, сунуштарын, пикирлерин айтышты. Шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүү, жашоочуларга жакшы шарттарды түзүп берүү, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жөнүндө көптөгөн сунуштар айтылды. Коомдук угуулардын натыйжасында Айдаркен шаарынын эң негизги көйгөйлөрү төмөнкүлөр экендиги талашсыз болду:
- Шаардын жашоочуларын толугу менен таза суу менен камсыз кылуу (айрыкча көп кабаттуу үйлөрдө);
- Шаардын ички жолдорун жана жөө жүргүнчүлөр басуучу жолдорду оңдоо;
- Шаарга толугу менен түнкү жарыктандыруу орнотуу;
- Шаарга үй бүлөлүк эс алуу аянтчаларын куруу;
- Шаардын батыш тарабында жайгашкан акыр-чикир төгүүчү полигондун маселесин чечүү.