Айдаркен шаардык кеңеши административдик муниципалдык кызмат орундарына (башкы, улук жана кенже топторуна) кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт


Акыркы күн  17.07.2023

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳгү» №125 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү ѳз алдынча  башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштѳѳсү жѳнүндѳ» жарлыгына ылайык Айдаркен шаардык кеңеши административдик муниципалдык кызмат орундарына (башкы, улук  жана кенже топторуна) кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Башкы топтогу кызмат орундарына квалификациялык талаптар

   1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында).

   2. Иш стажы жана тажрыйбасы: 

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта стажы же тиешелүү кесиптик чѳйрѳдѳ 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Улук топтогу кызмат орундарына квалификациялык талаптар

   1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, энергетика, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, геодезия жана жерге жайгаштыруу тармактарында).

   2. Иш стажы жана тажрыйбасы: 

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же тиешелүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кенже топтогу кызмат орундарына квалификациялык талаптар

   1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, энергетика, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, геодезия жана жерге жайгаштыруу тармактарында).

   2. Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.

Тандоого катышуу үчүн тѳмѳнкү документтер тапшырылат

- ѳзүнүн арызы;

- ѳздүк каттоо баракчасы;

- резюме (электрондук почтаны кѳрсѳтүү менен);

- ѳздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жѳнүндѳ маалымат);

- нотариустан күбѳлѳндүрүлгѳн негизги жана кошумча билимин ырастаган (бар болсо) документтердин кѳчүрмѳлѳрү;

- нотариустан күбѳлѳндүрүлгѳн эмгек китепчесинин кѳчүрмѳсү (иш стажы бар болсо);

- паспорттун кѳчүрмѳсү (түп нуска конкурс болгондо кѳрсѳтүлѳт);

- 4 даана сүрѳт (3*4 ѳлчѳмүндѳ).

Документтер жарыя сайтка чыккан күндѳн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат (саат 16:00 чейин 17.07.2023-ж.)

Дареги: Айдаркен шаары, Пушкин көчөсү №1. Айдаркен шаардык кеңешинин имараты. Тел.: 0700 870500, 0222 766422